Бишкекте курулуш компанияларына 100 миң сомдон ашык айып салынды

Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин сактабаган алты курулуш компаниясына 112 миң сом айып салынды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

 

Алсак, курулуш аянтчасынан шаардын көчөлөрүнө ылай алып чыккандыгы үчүн «Борсан Констракшн» ЖЧКсы жана «Авента Строй» ЖЧКсы айып пул төлөшөт. Маалыматка ылайык, дөңгөлөк жууй турган пункт орнотулганына карабастан, компаниянын кызматкерлери атайын техникалардын дөңгөлөктөрүн жуубай, жабдууларды максатка ылайык пайдаланышкан эмес. Компанияларга салынган айыптын жалпы суммасы 46 миң сомду түздү.

 

Андан сырткары, «Ата Курулуш» ЖЧКсы жана «Кыргыз Каганат» ЖЧКсы жанаша аймагында санитардык талапты сакташкан эмес. Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесин аткарбагандыгы үчүн аталган эки компанияга 13 миң сомдон айып пул салынган.

 

Ошондой эле топуракты муниципалдык аймакка чыгаргандыгы үчүн «Прайм холдинг «ЖЧКсы жоопкерчилик тартылды. 115-берененин 1-бөлүгүн бузгандыгы үчүн компанияга салынган айып пулдун суммасы 17 миң сом болду.

 

Курулуш таштандыларын таштагандыгы үчүн «Ислам Строй» ЖЧКсына 23 миң сом айып салынды. Компанияга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгү боюнча протокол түзүлгөн.

 

Эске салсак, муниципалдык инспекция күн сайын рейддерди өткөрүп, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга чара көрүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.