Бишкекте “Манас” эпосунун күнү белгиленди

Кыргыз улуттук драма театрында “Манас” эпосунун күнүнө карата “Тарых жана адабият” кечеси өттү.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Ленин районундагы мектептердин 200 окуучусу бир учурда «Манас» эпосунан үзүндү айтышты.

Иш-чара президент Садыр Жапаровдун “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгынын алкагында ишке ашырылды.

Бул иш-чаранын максаты — жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоо болуп саналат.