Бишкекте санитардык талаптарды аткарбаган кафе-ресторандарга 3 миллион сомдон ашык айып салынды

Бишкекте санитардык талаптарды аткарбаган кафе-ресторандарга 3 миллион сомдон ашык айып салынды. Бул тууралуу 24 агенттигине Санэпидем көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев билдирди.

 

Анын айтымында, жалпысынан 1 миң 692 протокол түзүлдү. Белгилеп кетсек, ордо калаанын коомдук тамактануу жайларында, дүкөндөрдө жана башка көңүл ачуу жайларында санитардык талаптардын аткарылышына күн сайын рейд жүргүзүлүүдө.