Бишкекте “Тез жардам” кызматынын түйшүгү жеңилдеди

Бишкекте “Тез жардам” кызматынын түйшүгү жеңилдеди. Бул тууралуу мекеменин реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди. Анын айтымында, соңку күндөрү телефон чалуулар, кайрылуулар азайганы байкалууда.

 

Буга чейин бир күндө 5 миңден чалуу келсе, кечээ кайрылуулардын саны 2 миңге жеткен жок. Бул эпидемиологиялык абалдын жакшыруусунан кабар берет, — деди Борисов.