Бишкекте өзгөчө абал режими жана коменданттык саат алынды

Бишкекте өзгөчө абал режими жана коменданттык саат алынды. Бүгүнтөн тарта ордо калаада карантин режими күчүндө. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, Бишкекке кире бериште санитардык посттор иштей берет.

 

Чүй облусунда иштеп, бирок шаарда иштегендер посттордон өтүү үчүн жашаган жеринен жана иштеген жеринен маалымкат көрсөтүүгө тийиш.

 

Белгилеп кетсек, карантин режими ошондой эле Ош шаарында, Ат-Башы жана Чаткал райондоруна киргизилди. Ал эми республиканын калган аймактарында өзгөчө кырдаал режими күчүндө.