Бишкекте жеке мектептер кадимки режимде иштеп жатат.
Аларда социалдык аралыкты сактоо, санитардык талаптарды аткаруу мүмкүнчүлүгү бар, — деп
билдирет вице-мэр Айжан Чыныбаева. Анын айтымында, мектептерде 50 жаштан жогорку
коркунуч тобуна кирген мугалимдер эмгектенишет. Ошондой эле айрым билим берүү мекемелери
3-4 эсе толгон, имараттары эски жана аба алмашып туруучу системасы иштебейт.
Ушуларды эске алуу менен билим берүү мекемелерин 3-чейректен тартып ачуу караштырылып жатат.
Эске салсак, пандемияга байланыштуу Бишкекте мартта карантинге
жабылган мамлекеттик мектептер азырынча ачыла элек.