Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда

Бишкектин Байтик баатыр көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо иштери уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, Байтик баатыр көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнө эки катмар асфальт-бетон төшөлүп, жол чийиндери чийилди. Учурда жол белгилери орнотулуп жатат.

 

Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин эки катмар асфальт-бетон төшөлүп, аялдама комплексин куруу иштери жүрүп жатат.

 

Ошондой эле Скрябин көчөсүнө чейин жол чийиндерин чийүү боюнча жумуштар башталууда.

 

Медеров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки бөлүгүндө телефон зымдары үчүн каналды жана аялдама орнотуу иштери жүрүп жатат.

 

Мындан тышкары, Горький көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки тилкеде бордюрлар орнотулууда, ал эми Бөкөнбаев көчөсүнө жакын тилкеде жер жумуштары жүрүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.