Бишкектеги Краснодонцев көчөсүн оңдоо иштери 4 күндө жыйынтыкталат.
Novosti.kgге “Бишкек асфальт сервис” муниципалдык ишканасынын басма сөз катчысы
Рамина Идырова билдиргендей, көчөнүн Баялиновдон Күреңкеев тилкесине чейинки
жерине асфальт төшөлөт. Жолдун узундугу 900 метр, туурасы 6 метрди түзөт.
Жумуштар 22-августта бүтүшү күтүлүүдө.
Бирок туруксуз аба-ырайына байланыштуу иштер мөөнөтүнөн кечигиши ыктымал.