Бишкектеги мектептерде 1-класска каттоо үчүн 12 миңден ашык орун калды

Бишкектеги мектептерде 1-класска каттоо үчүн 12 миңден ашык орун калды.

Бул тууралуу мэриянын Билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Данияр Абдуазизов билдирди.

Эске салсак, баланы мектепке электрондук каттоо ушул жылы 11-апрелде башталган.

Башында бул өнөктүк жарандын жашаган жериндеги каттоосу боюнча жүргүзүлсө, экинчи этапта катталган жеринен көз каранды болбойт.

Мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы 27-июнда эртең мененки саат 9да башталат.