Бишкектеги мыйзамсыз курулуштарды алуу уланууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, уруксааты жок орнотулган кинотеатрлар
алдындагы жыгач стенд, күч өлчөгүч, күркө жана велосипедди ижарага берүүчү
бир жайлар алынды. Ошондой эле Жибек-Жолу проспектисинен Семетей көчөсүнө
чейин мыйзамсыз орнотулган 42 жарнак конструкциясы айып жайга жеткирилди.
Бүгүнкү күндө иштер Чынгыз Айтматов проспектисинде жүрүп жатат.