Бишкектин четиндеги Пригородное айылы тарапта жаңы шаарчанын курулушу башталды

Бишкектин четиндеги Пригородное айылы тарапта жаңы шаарчанын курулушу башталды. Батыш автобекети, “Ош” базары дал ушул шаарчага көчүрүлүп, турак үйлөр да түшөт.

 

Аймактын жалпы аянты 162 гектарды түзүп, сунушталган участок соода, өнөр жай жана турак жай болуп үч чоң зонага бөлүнөт.

 

Эскизге ылайык, жаңы “Ош” базарынын имараты тегерек келип, жанына мейманкана, чоң бизнес-борбор, мечит, медициналык жана спорт борборлорун, ресторан куруу пландалууда. Турак үйлөр менен катар бала бакча, мектеп да салынары маалым болду.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.