Бишкектин коменданты оюнан кайтты

Бишкектин коменданты оюнан кайтты. Эми ордо калаада велосипед тебүүгө болот. Бирок алыс эмес, — деди Алмазбек Орозалиев. Анын айтымында, зарылчылык болсо, велосипед менен үйдөн 1,5 чакырым аралыкта жүрүүгө уруксат берилет.

 

Жанында маршруттук баракча жана жарандын өздүгүн тастыктаган документ болушу зарыл. Эске салсак, кечээ комендант Алмазбек Орозалиев велосипед тээп жүргөндөрдүн велосипеди тартылып алынат деп жарыялаган болчу.