Бишкектин үстүндө учуп жүргөн вертолеттор тууралуу Генералдык штабдан түшүндүрүштү

Бишкектин үстүндө учуп жүргөн вертолеттор тууралуу Генералдык штабдан түшүндүрүштү.

Ведомстводон билдиришкендей, учурда ордо калаада абал тынч. Ал эми вертолеттор

окутуу-машыгуулар боюнча планга ылайык учууларын аткарышууда. Эске салсак,

соцтармак колдонуучулары шаардын үстүндө вертолеттордун учуп жүргөнү тууралуу видео жарыялашты.

Алгачкы ирет эртең мененки саат 10до калаанын борбордук бөлүгүндө байкалса,

кийинчирек шаардын башка аймактарында да катталды.