Бизде эле эмес Өзбекстанда дагы күн катуу ысып, рекорддук чектен ашты.
«Узгидромет» 1-июнда билдиргендей, акыркы күндөрү Бухара облусунда
абанын температурасы 43 градуска чейин көтөрүлдү. Бул аймакта
акыркы жолу 1967-жылы 40 градустан ашкан ысык болгон. Ургенч шаарында
деле ушундай эле аба ырайы катталды. Бул жерде мындай ысык 1933-жылы болгон.
Адистердин божомолунда, мындай аба ырайы апта соңуна чейин сакталат.