Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматташтырылган эсептөө системасынын баштапкы жыйынтыгы чыкты

Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматташтырылган эсептөө системасынын баштапкы жыйынтыгы чыкты. Ага ылайык, №5 Ноокат округунан талапкер Бакытбек Марипов алдыга чыкты. №29 Свердлов округунан Жумабек Салымбеков алдыга озду.

 

Ал эми №36 Ысык-Көл округунан талапкер Айжигит Тыналиев атаандаштарын артка калтырды.

 

30-июнда  Ноокат, Ысык-Көл жана Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өттү. Үч округдан жалпы 29 талапкер ат салышты, алардын экөө аялдар.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.