Быйыл февралда 3 шаарда массалык түрдө каттоого тургандар шайлоо тизмесине киргизилген жок

Быйыл февралда 3 шаарда массалык түрдө каттоого тургандар шайлоо тизмесине киргизилген жок.

 

Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, “Жергиликтүү кеңештин депутатын шайлоо жөнүндө” мыйзамга ылайык, тизмеге ошол жергиликтүү жамааттын мүчөсү болгондор гана кире алат. Мүчөлүк паспорттогу тийиштүү белги менен тастыкталат.

 

Эске салсак, февралда Ош, Токмок жана Каракол шаарларында жана аларга жакын аймактарда адамдардын массалык түрдө каттоого турушу байкалган.