Быйылкы айдап-себүүдө күйүүчү майга тартыштык болбойт

Быйылкы айдап-себүүдө күйүүчү майга тартыштык болбойт.

Буга айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков ишендирүүдө.

Маалыматка ылайык, өлкөдө 42 миң тоннадан ашык дизелдик күйүүчү май бар.

Кыргызстанда 100 пайыз бензин да, дизелдик отун дагы жетиштүү.

Бул боюнча көйгөй жаралбайт, — деди министр.

Расмий маалыматка ылайык, республикада күйүүчү майга жылдык керектөө 1 миллион 300 миң тоннадан 1 миллион 500 миң тоннага чейин жетет.