Быйылкы күзгү-кышкы жылуулук берүү сезонуна даярдоо иштери 1 айда соңуна чыгышы керек

Быйылкы күзгү-кышкы жылуулук берүү сезонуна даярдоо иштери 1 айда соңуна чыгышы керек.

Мындай талапты премьер-министр Кубатбек Боронов койду. Анын айтымында,

пандемия шартында иштер адаттагыдан эрте бүтүшү керек. Токтогул суу сактагычында

нымдуулуктун көлөмү аз болгонун да эске алуу зарыл. Ошондой эле калкты көмүр менен

камсыздоо боюнча август айынын аягына чейин бардык тендерлер өткөрүлүшү шарт.

Боронов кошумчалагандай, компания жана ири ишканаларга электр энергияны үнөмдөө сунушталат.