Быйылкы окуу жылынын аттестаттары менен күбөлүктөрү кагаз жана электрондук түрдө даярдалууда

Быйылкы окуу жылынын аттестаттары менен күбөлүктөрү кагаз жана электрондук түрдө даярдалууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

 

Ошондой эле «Түндүк» порталында 2018-жылдан берки аттестаттар жеткиликтүү. Аларды министрлик акыркы алты жылда санариптештирген.

 

Мамлекеттик документтердин электрондук варианттары аттестаттардын жана күбөлүктөрдүн реестринде жайгаштырылат. Муну менен дубликаттарды алуу жана жоголгон аттестаттар менен күбөлүктөрдү калыбына келтирүү оңой болот.