Былтыр тапшырылбай калган “Алтын топ” Роберт Левандовскиге берилиши мүмкүн.
France Football журналынын башкы редактору Паскаль Ферре билдиргендей, мындай
ой Лионель Месси «Алтын топ — 2020» сыйлыгын «Бавария» клубунун оюнчусу
Левандовскиге берүү сунушун киргизгенден кийин жаралды. Эске салсак, былтыр
аталган сыйлык пандемиядан улам берилген эмес. 2020-жылы чабуулчунун жылдызы
жанып, клубу менен бир катар мелдештерди, анын ичинде УЕФАнын Чемпиондор
лигасын уткан. Турнирде Левандовски эң көп гол киргизген мыкты бомбардир
болгон. Ал эми быйылкы «Алтын топту» Месси 7-ирет алды.