Чүй облусунда кабель чыгарган завод ачылды

Чүй облусунда кабель чыгарган завод ачылды. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, мекеме Аламүдүн районунда жайгашкан.

 

Завод жылына 60 тонна алюминий, 30 тонна жез жана 100 тонна пластик кайра иштетүүгө мүмкүндүк берген заманбап жабдуулар менен жабдылган. Чыгарылган кабель жергиликтүү керектөөнү гана камсыздабастан, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге экспортко чыгат.

 

Учурда комбинатта 70ке жакын жергиликтүү тургун иш менен камсыз болгон, жумуш оруну дагы көбөйүшү мүмкүн.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.