Чүй облусундагы электр энергиясынын өчүрүүлөрү тармактарга күч келгендигине байланыштуу

Чүй облусундагы электр энергиясынын өчүрүүлөрү тармактарга күч келгендигине байланыштуу. Аймактык электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, линияларга ашыра күч келгенде, аварияга каршы шайман иштеп кетет.

 

Мындай учурларда энергетиктер жарыкты тез арада берүү аракетин көрөт.

 

Ишканадан белгилешкендей, мындай учурларды алдын алуу үчүн чоң электр жабдууларын бир учурда иштетпей, электр энергиясын үнөмдүү колдонуу керек. Белгилеп кетсек, соңку күндөрү Чүйдүн тургундарынан электр энергиясы күн сайын  1-2 саатка өчүрүлүп жатканы боюнча арыздар түшүүдө.