Чүй облусунун Жайыл районундагы оорукананы оңдоо иштери февралда жыйынтыкталат.
Кара-Балта шаарынын мэриясынан билдиришкендей, учурда райондун бириктирилген
ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө ички жасалгалоо жумуштарын жүргүзүү,
терезе-эшиктерин алмаштыруу, жылуулук, суу, канализация, электр тармактары
системасын жаңыртуу пландалууда. Иштерге 11 миллион сом
багытталат жана ал Дүйнөлүк бактын эсебинен каржыланат.