Үч округ боюнча депутат болууга 29 талапкер ат салышат

№5 Ноокат, №29 Свердлов жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди каттоо аяктады.

 

Боршайкомдон билдиришкендей, үч округдан жалпы 29 талапкер ат салышат. Алардын экөө аял. Жалпы 44 талапкер арыз берип, алардын 12си катышуудан баш тарткан. Эки талапкерди БШК каттаган эмес.

 

Бүгүнтөн тарта шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. Шайлоо 30-июнда өтөт.