Чек ара жаңжалынан жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке 66 миллион сом чогулду

Чек ара жаңжалынан жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке 66 миллион сом чогулду.  Экономика жана каржы министрлигинин маалыматына ылайык, каражатты ыктыярчылар жана уюмдар которуп жатат.

 

Андан тышкары, бир катар мамлекеттик органдардын кызматкерлери бир күндүк айлыгын которгон. 28-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 180ден ашык адам жараат алды.

 

100дөн ашык турай жай, имараттар талкаланып, өрттөлдү. Ал эми курман болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө үй салына баштады.