Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жабыр тарткандар акысыз дарыланууда.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Баткен, Лейлек райондору жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык айылынан эвакуацияланган жарандарга жана аскер кызматкерлерине амбулатордук медициналык жардам көрсөтүү жеңилдетилген шартта жүргүзүлөт.
Ошондой эле дары-дармектер жеңилдетилген негизде берилет.
Саламаттык сактоо уюмдарында баштапкы жана кайталап стационардык дарылоодон өтүүдө жабыр тарткан жарандар жыл ичинде төлөмдөрдү төлөөдөн толугу менен бошотулат.