Дагы 5 бейтап коронавирусту жеңип, ооруканадан чыгарылды

Бүгүн, 9-апрелге карата коронавирустан айыгып, ооруканадан чыккандардын жалпы саны 30 болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

 

«Жалал-Абад облустук ооруканасынан чыгат делинген 10 бейтаптын бешөө үйлөрүнө чыгарылды. Калганы эми чыгат», — деди маалымат кызматынын өкүлү.

Кечээ, 8-апрелде илдеттен айыгып, ооруканадан чыккандар 25 экени, дагы 10 бейтаптын үйлөрүнө чыгуусу мерчемделип жатканы айтылган.
https://www.super.kg/kabar/news/302635/