Дене тарбия жана спорт академиясынын ректору пара менен кармалды

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору опузалап акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, атайын кызмат ректордун 100 миң сом талап кылганын аныктаган.
«Аталган академиянын ректору А.С.С. көрсөтүлгөн сумманы Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 97 дареги боюнча Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын имаратында жайгашкан мамлекеттик мүлктү ижарага алуу укугун узартуу үчүн талап кылган», — деп жазылат маалыматта.
4-июлда шектүү миң доллар алып жатканда кармалганы айтылды. Ошондой эле каражатты которууда ортомчу болгон академиянын окутуучулары М.Ч.А жана Б.К.Т. да кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.