Июндун аягына чейин күйүүчү-майлоочу материалдын баасы дагы 2 пайызга кымбатташы ыктымал

Июндун аягына чейин күйүүчү-майлоочу материалдын баасы дагы 2 пайызга же

2 сомго чейин кымбатташы ыктымал. Бул тууралуу Мунай ташуучулар ассоциациясынын

аткаруучу директору Канат Эшатов билдирди. Анын айтымында, ушул айдын ортосунда

Россиядагы мунай иштетүүчү заводдор күйүүчү майдын дүң баасын жогорулатты.

Ал эми биздин өлкөдөгү баалар Россиядан кое берилген баадан көз каранды.

Кошумчаласак, бүгүнкү күндө ордо калаадагы күйүүчү май сатуучу жайларда

АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы 51 сом болсо, дизелдик отун 47 сомго барабар.