Индияда жолборстор адамдарга кол салууда

Индиянын Махараштра штатында жолборстор саналуу күндө эле 5 адамды өлтүрүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

 

Карантинге байланыштуу жашоочулар үйлөрүнөн чыкпай, токойлордон жапайы жаныбарлар айылдарга, шаарларга келип калгандыгы тууралуу буга чейин жазылган.

 

Индияда жолборстордун адамдарга кол салуусу 13-апрелден башталып, алгач токойго барган бир кишини тытып жеп салган. 3 күн өткөн соң токойго жей турган гүлдөрдү терүү үчүн барган 40 жаштагы киши да ошондой ажалга туш болгон. Дагы 3 адам токойго барып, жолборстун курмандыгы болушкан. Буга окшош окуя Мадхья-Прадеш штатында да катталган. 3 апта аралыгында жолборстор 13 адамга, ошондой эле балдарга кол салып, өлтүрүп койгон.