Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору дайындалды

Индира Кудайбергенова Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка билим берүү жана илим министри Болотбек Купешов кол койду.

Индира Кудайбергенованы ректор кылып дайындоо тууралуу буйрук менен министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыканов тааныштырды.

Индира Кудайбергенова 29-майда өткөн ректор шайлоодо утуп чыккан. Ага 731 профессор, окутуучунун 698и добуш берген.

Калган үч талапкердин арасынан Эркин Алымбаев 11, Зиябидин Айдаров 12 жана Жолдош Шаршембиев 10 добуш алган.

29-майга белгиленген шайлоону Билим берүү жана илим министрлиги токтоткону белгилүү болуп, 28-майда окуу жайда нааразылык акциясы өткөн. Акцияга чыккандар шайлоону убагында өткөрүү талабын коюшкан жана президентке кайрылуу жолдошкон