Эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосунда ӨКМ техникалар менен камсыздалды

1-июлда куткаруучулардын 30 жылдык мааракеси өтүүдө. Ага өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев келип, куттуктоо сөзүн айтып, атайын оор техникаларды тапшырды.

 

«Урматтуу ардагерлер, кадырлуу кесиптештер, сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңар менен чын дилден куттуктайм. Сиздер өз өмүрүңөрдү аябай, берген ыйык антыңыздарды ак ниеттүүлүк менен аткарып, жарандарыбыздын өмүрүн сактап калууга ар убакыт даяр турасыздар. Акыркы эки жылда COVID-19 менен күрөшүүдө куткаруучулардын салымы өтө чоң. Мамлекеттик органдар аралыктан иштеп жатканда, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күнү-түнү иш алып барып жатты.

 

Бүгүн президентибиздин жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен ӨКМ коргоо иш чараларын өнүктүрүү максатында атайын оор инженердик техника менен жабдылды», — деди министр Ажикеев.