Көчмө добуш берүүдө санитардык талаптар сакталат

Көчмө добуш берүүдө санитардык талаптар сакталат.

БШКдан билдиришкендей, маанилүү себептер менен шайлоо участогуна келип

добуш бере албаган жарандарга атайын комиссия барып, үйүнөн же башка жактан

добуш берүүсүн камсыздайт. Анда комиссия мүчөлөрү түшүп бара турган унаа дезинфекцияланат,

ар биринде санитайзер болот. Добуш берүү учурунда жарандарга беткап жана мээлей берилет.

Шайлоочуларды идентификациялоочу жабдуулар ар бир добуш берүүдөн кийин дезинфекцияланып турат.