Күзгү-кышкы сезондо Өзбекстандан Кыргызстанга 750 миллион киловатт-саат электр энергиясы жеткирилет

Күзгү-кышкы сезондо Өзбекстандан Кыргызстанга 750 миллион киловатт-саат электр энергиясы жеткирилет. Энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин айтымында, Бишкек Ташкенттен келген электр энергиясы үчүн акы төлөбөйт. Ал ушул эле көлөмдө Өзбекстанда абал турукташканда кайтарылат.

 

Андан тышкары, Кыргызстанга кийин кайтаруу шарты менен Түркмөнстандан 500 миллион киловатт-саат, Россиядан 3 миллиард киловатт-саат электр энергиясын жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

 

Эске салсак, 1-октябрдан тарта Тажикстандан күн сайын биздин өлкөгө 1 миллион киловатт-саат электр энергиясы жеткирилүүдө.