Кафе-ресторандарга көзөмөл күчөтүлөт. Вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбековдун айтымында, көп киши катышкан майрамдык салтанаттарды өткөрүүгө, түнкү клубдардын иштөөсүнө тыюу салынган.
Бирок тойканаларда үй-бүлөлүк мааракелер өтүп жатат. Көпчүлүк коронавирусту тойлордон, куран окутуу иш-чараларынан жугузуп алууда. Ошондуктан жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары көзөмөлдү катуулатышы шарт, — деди Баатырбеков.
Буга чейин борбор калаада санитардык талаптарды бузган бир катар жайлар жабылган. Алар эпидемиологиялык абал турукташканча ачылбайт.