Кайра түзүлгөн Кайгуул милиция кызматына 3 айда 8 миңге чукул чакыруу түштү

Кайра түзүлгөн Кайгуул милиция кызматына 3 айда 8 миңге чукул чакыруу түштү. Бул тууралуу ордо калаанын ички иштер башкармалыгынын начальниги Канат Жумагазиев билдирди.

 

Анын айтымында, учурда кызматта 454 адам эмгектенүүдө. Алар экзамендерден ийгиликтүү өткөндөр. Ведомствонун балансында 80 кайгуул унаасы бар. Эске салсак, Кайгуул кызматы ордо калаада расмий түрдө өткөн жылдын 31-октябрынан тарта иштеп баштады.