Калкты жана турак жай фондун каттоо белгисиз мөөнөткө жылдырылды.
Улуттук статистика комитетинин маалыматында, мындай чечим коронавируска
байланыштуу өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылганына байланыштуу кабыл алынды.
Белгилеп кетсек, өлкөдө калкты жана турак жай фондун каттоо мартка белгиленген.
Бирок COVID-19 тарап жаткандыктан 20-апрелден 29уна чейин өткөрүү чечими чыккан.
Эми анын жаңы убактысы айтыла элек.