Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 4 миллиард доллардан ашык керектелет

Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 4 миллиард доллардан ашык керектелет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, курулуш иштерине даярдык көрүүгө эле 44 миллиард сом керектелип, ал эки этапта жүрөт.

 

Эске салсак, “Камбар-Ата-1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган.

 

Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Компания “Камбар-Ата-1” ГЭСин башкарат жана анын 34 пайызы Кыргызстанга таандык болот.  ГЭСти куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган.