Кара-Суунун Нариман айылында “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы ачылды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айылында “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

 

Дарыкананын ачылуу аземине министр Адымкадыр Бейшеналиев катышты. Ал өз сөзүндө жыл аягына чейин мамлекеттик дарыканалардын жалпы саны 100гө жетерин айтып, калк сапаттуу жана жеткиликтүү дары менен камсыз болорун кошумчалады.