Каракол-Эңилчек унаа жолунда жаан-чачынга байланыштуу кар көчкү түшүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кар массаларынын түшүү коркунучу эртеңкиге чейин сакталат.
Айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.