Каракол шаарында жаңы спорт комплекс пайда болот.
Спорттук объекти Жусаев көчөсүндө жайгашат.
Бул үчүн Ысык-Көл фондун башкаруу боюнча дирекциясы тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда,
долбоор 37,5 миллион сомго бааланууда.
Сынакка арыздарды кабыл алуу 17-августта токтотулат.