Катарда төөлөрдүн сулуулук сынагы өттү

Катарда төөлөрдүн сулуулук сынагы өттү.

Ага Перс булуңунун ар кайсы мамлекеттеринен 700дөн ашык жаныбар катышты.

Тандоо критерийлери абдан катаал болгон.

Алсак, төөлөргө косметикалык процедуралар жасалып, жасалбаганын атайын комиссия текшерди.

Бул үчүн ээлери сынактан четтетилип гана тим болбостон, жаныбарларды алардан тартып алышат.

Калыстар дененин жана баштын өлчөмүнө, кулактын жайгашуусуна жана эриндин формасына баа беришти.

Мындан тышкары, кайсы төө көп сүт берери боюнча өзүнчө сынак өткөрүлдү.

Эң көп сүт бергени үчүн 5,5 миң доллар төлөнөт.

Ал эми эң сулуу төө үчүн байге 55 миң доллар же 10 эсе көп каражатты түздү.