Казакстан Россиянын коронавируска каршы вакцинасын өндүрө баштады

Казакстан Россиянын коронавируска каршы вакцинасын өндүрө баштады. Коңшу өлкөдө СOVID-19га каршы массалык эмдөө кийинки жылы башталат. Ал ыктыярдуу түрдө болуп, алгач дарыгерлер, укук коргоо кызматкерлери, мугалимдер эмделет.

 

Россия “Sputnik V” вакцинасын быйыл август айында расмий каттоодон өткөрүп, кеңири сыноону баштаган.

 

Бирок дары азырынча Европа Биримдигинин атайын органдарынын экспертизасынан өтө элек.