Казакстанда чыгарылган коронавируска каршы вакцина менен калкты эмдөө башталды

Казакстанда чыгарылган коронавируска каршы вакцина менен калкты эмдөө башталды.

QazVac вакцинасынын биринчи дозасын алгачкылардан болуп саламаттыкты сактоо министри

Алексей Цой алды. Жергиликтүү вакцинаны каалаган казакстандыктар ала алышат.

Казакстанда мындай препараттын 50 миң дозасын өндүрүү пландалууда. Белгилеп кетсек,

учурда коңшу өлкөдө 900 миңге жакын адам эмдөөдөн өттү.

Россиялык препарат менен вакцинация 1-февралда старт алган.