Келерки жылы Кыргызстандын энергетика тармагына 55 млрд сом бөлүнөт

Келерки жылы Кыргызстандын энергетика тармагына 55 миллиард сом бөлүнөт. Бул тууралуу Каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

 

Анын айтымында, жакынкы эки жылда тармак долбоорлордун акталышынын эсебинен карыздарын азайта алат. Азыр энергетика тармагынын бюджетке болгон карызы 146 миллиард сомго жакын.

 

Министр кошумчалагандай, келерки жылы энергетикадан тышкары курулуш жана суу тармагын каржылоо улантылат.