“Кичи жана орто ишканаларга ыкчам колдоо көрсөтүү” долбоорунун алкагында ишкерлерге 5,5 миллион сом берилди. 1-декабрга карата маалымат менен Каржы министрлиги бөлүштү. Жалпысынан 8 миңден ашык бизнесмен акча алды.
Эске салсак, долбоордун алкагында ишкерлерге пайызсыз кайтарымдуу негизде каржылык колдоо көрсөтүлөт. Программа Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашууда.