Коомдук тамактануу субъектилери үчүн бирдиктүү салык ставкасын төмөндөтүү маселеси иликтенет

Экономика министрлиги коомдук тамактануу субъектилери үчүн бирдиктүү салыктын ставкасын төмөндөтүү маселесин иликтейт. Ведомстводон билдиришкендей, бул үчүн атайын жумушчу топ түзүлдү.

 

Буга чейин коомдук тамактануу тармагынын өкүлдөрү мындай тариф менен иштөө пайдасыз болгондуктан, салыкты азайтуу керектигин айтышкан. Жумушчу топ салык жүгүн аныктоо боюнча оптималдуу чечим чыгарары күтүлүүдө.