Аскер прокуратурасы тарабынан Коргоо министрлигинин аскер поликлиникасы текшерилип, аскер поликлиникасына кайрылган жарандардын каражаттары кызмат адамдары тарабынан ыйгарылып алынган факты боюнча кылмыш иши козголду. Аудиттик текшерүүнүн корутундусуна ылайык зыяндын өлчөмү 3 273 581 сомду түзүп, анын ордун толтуруу үчүн комплекстүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Чогултулган далилдердин негизинде кылмышка түздөн-түз тиешеси бар аскер поликлиникасынын бухгалтери К.Д.К. Кылмыш-жаза Кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-,2- пунктары менен (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) айыбы угузулган.
Тергөө учурунда айыпталуучу тарабынан мамлекетке келтирилген жарым жартылай 1 713 000 сомду түзгөн зыян кайтарылган.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан Коргоо министрлигинин аскер поликлиникасынын бухгалтери К.Д.К. карата соттук териштирүү жүргүзүлүп, Кылмыш-жаза Кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-,2- пунктары менен күнөөлүү деп табылып, 2 жыл бухгалтердик иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен мүлкүн конфискациялоо менен 6 жыл эркининен ажыратуу жазасы белгиленип, Кылмыш-жаза Кодексинин 82-беренесинин негизинде эркининен ажыратуу жазасынан бошотулуп, 4 жыл 6 ай пробациялык көзөмөл колдонулуп, Коргоо министирлигинин пайдасына 1 560 581 сом материалдык зыян өндүрүлгөн.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.