Криштиану Роналду Дубайдагы Жумейра Бэй аралынан жер тилкесин сатып алды

Португалия курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналду Дубайдагы Жумейра Бэй аралынан жер тилкесин сатып алды.

 

Бул арал жасалма болуп эсептелет жана футболчу ал үчүн 25 миллион евро төлөдү. Кийин Роналду бул жерде үй-бүлөсү үчүн үй курууну пландап жатат.

 

Шаар менен аралды көпүрө байланыштырат. Күтүлгөндөй, Жумейра Бэйде бир гана элиталык турак-жайлар курулат.