Криштиану Роналду «Манчестер Юнайтедде» дагы 7-номерди алат

“Манчестер Юнайтеддин” жаңы жылдыздуу оюнчусу Криштиану Роналду командада жетинчи номерди алат. Дал ушул сан менен форвард буга чейин дагы башка клубда ойноп келген.

 

Белгилеп кетсек, Англиянын премьер-лигасында сезондун ортосунда номерди өзгөртүүгө тыюу салынат, бирок Роналду үчүн мындай артыкчылык берилди.

 

Буга чейин жетинчи номер Эдинсон Каваниге таандык болчу. Бирок уругвайлык форвард номерин тапшырып берүүгө макул болуп, эми өзү 21 саны менен ойнойт.